“Мүмкүнчүлүк” долбоору

“Мүмкүнчүлүк” долбоору

Азыркы күндө заманбап технологиялары күн санап өнүгүп, смартфондор жашообуздун көп бөлүгүн ээлегенине карабай, ийгиликтүү адамдар үчүн китеп окуу мурдагыдай эле актуалдуу бойдон калууда. Өздөрүнүн буга чейин топтогон турмуштук бай тажрыйбасынан бөлүшүү үчүн заманыбыздын көрүнүктүү инсандарын долбоорго жигердүү катышууга чакырабыз.

      Долбоор кайсы тилде өткөрүлөт?

Кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.

      Кандай китептер окутулат?

Кыргыз адабиятынан жана дүйнөлүк адабияттан тандалма чыгармалар окутулат.

      Кимдер катышат?

Кыргызстандагы ар түрдүү тармактын таанымал жана чыгаан инсандары катышат.

      Бул иш-чарадагы бардык иш-аракеттер видеого тартылып алынып, ютуб каналына жүктөлөт жана социалдык тармактар аркылуу коомчулукка сунушталат.                                 

      Долбоордун мөөнөтү:

2020-жылдын январь айынан декабрь айына чейин ай сайын өткөрүлөт.

      Жыйынтыгы:

2020-жылдын декабрь айында “Мыкты спикер” жана “Мыкты окурман” наамдары ыйгарылат.

 Аскар Салымбеков

"Мүмкүнчүлүк" долбоорунун алгачкы каарманы Борбор Азияга белгилүү коомдук жана саясий ишмер, Бразилиянын Кыргызстандагы Ардактуу консулу, меценат Аскар Салымбеков болду. 

Агай менен жолугуу да оңойго турган жок. Биздин долбоордун бир өзгөчөлүгү, биз белгилүү инсандардын үйүнө барып, үй китепканасы менен таанышып, коомго таасир эткен адамдар кайсыл китептерди окуп, кандай китептер менен жан дүйнөсүн байыта тургандыгы менен таанышуу.

Нөлдөн баштап, ири бизнести тургузган, ошол эле учурда жөнөкөйлүгү менен коомдо өзгөчөлөнгөн инсан Аскар Салымбеков менен жана анын китептери менен бирге тааныштык. 

Нурзат Токтосунова

 

"Мүмкүнчүлүк" долбоорунун кезектеги каарманы Кыргызстанда өтүп келген ири мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш чараларды  кынтыксыз алып барган, өз ишинин дасыккан адиси, алып баруучу, Нур Академиясынын негиздөөчүсү,  "Маданияттын мыкты кызматкери" Нурзат Токтосунова болду.

 Жаш кезинен такшалып, чоң ийгиликтерди багындырган каарманыбыздын китеп дүйнөсүн ачып берди

Өмүрүн чыгармачылыкка арнап, алып баруучулук гана эмес, жаштарды тарбиялоо, ар тараптуу билим берүү багытын да колго алган, өрнөктүү инсан, асыл жар, мээримдүү эне Нурзат Токтосуновага биздин жамааттын атынан мындан аркы иштерине да ийгиликтерди кааламакчыбыз.  

 

 

 

Байланышта болуңуз