Чөптөн курулган сепил

Баасы: 655 COM

Китептин тили: Кыргызча

Чай жөнүндө биз эмне билебиз?  Ал түпкү теги Кытай болгон сергитүүчү суусундук, дүйнө жүзүндөгү элдин жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү. Бирок чай, элдик маданияттын бир бөлүгү катары жөн гана тарыхый маалымат эмес, мунун артында чайдын кылымдан кылымга берилишине салым кошкон жүздөгөн, миңдеген адамдар турат. Китептеги окуя кытай көк чайынын  борбору - “жашоонун бейиши” деген ат менен белгилүү болгон Ханчжоу шаарында жайгашкан “Түйшүксүз” чай дүкөнүнүн тегерегинде өөрчүйт. Хан уруусунун мураскери, акыркы Цин династиясынын учурундагы чай соодагери Хан Тяньцзуй билимдүү жана кичи пейил, бирок тез эле азгырылыктарга берилип кетет жана акча-каражатын иретке келтире албайт. Мына ушунун кесепетинен бузулган аялдын жанында каза болуп үй-бүлөсүн кыйроонун акыркы чегине алып келди. Эми анын үч уулу жана эки кызы атасынын ишин улантуулары керек. Бирок алардын тагдыры өтө ырайымсыз доорго туш келет. Алардын бирөөсү сүйүүнүн артынан алыскы Юньнань провинциясына жөнөсө, башкасы мамлекеттик иш менен убара, дагы бири үй-бүлөнүн ишин улантып, башкача айтканда, жөнөкөй адамдын жашоосун улантат, бирок турмуш көрсөткөндөй кээде бул эрдик жасагандан да кыйынга турат.

Үчилтиктин жаралышы 1990-жылы башталып он жылга чейин созулду. Китеп баракчасында алтымыштан ашык каармандар өмүр сүрүп, терс же оң каарман экендигине карабастан жан тартууну жана жийиркеничти ойготот. Негизгиси бул каармандар окурманды өздөрү менен чогуу жашап, алыскы жылдардын жана алыскы жерлердин маанайын сезүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жарандык жана Японияга каршы согуш, кыйроо жана жаңы мамлекет түзүү, элдик толкундоолор, Улуу маданий төңкөрүш - мына ушу доор баяны ушул үчилтикте, башкача айтканда, баары чай менен байланыштуу же болбосо кимдир бирөөнүн тагдыры чай менен байланышкан. 

Байланышта болуңуз