Биздин тарыхыбыз

logo 2

 

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ “ЧЫГЫШ АДАБИЯТЫ ЖАНА ИСКУССТВОСУ” БАСМА КОМПАНИЯСЫ”

 

БАСМА КОМПАНИЯНЫН АЧЫЛЫШЫ

“1916-жыл—Тарых жана маданият жылы” алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жакшы коңшулаштык, достук маанайдагы адабият, маданият, искусство, экономика ж.б. тармактар боюнча байланышты бекемдөө максатында өлкө Башчыларынын демилгесин жетекчиликке алып, 2016-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Бишкек шаарында “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы” каттоодон өттү.

 

БАСМА КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МАКСАТЫ

Басма компаниянын башкы максаты Чыгыш элдеринин адабиятын, маданиятын, искусствосун, тарыхын, коомдук-саясий абалын ж.б. руханий баалуулуктарын кыргыз окурмандарына тааныштыруу, котормо жанрын кеңейтүү, бул тармак боюнча достук байланышты улантуу...

 

БАСМА КОМПАНИЯНЫН АЛДЫНДА КАЗАК РЕДАКЦИЯСЫ АЧЫЛДЫ

2017-жылдын 3-январында Кыргызстандагы Бишкек шаарында “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынын алдында казак редакциясы ачылды. Бул редакцияны ачуу боюнча Кыргызстандагы казак диаспорасынын өкүлү, компаниядагы казак редакциясы боюнча кеңешчи, журналист Байжигитов Назарбек чоң уюштуруучулук иштерди жүргүзүп, кадр менен камсыздоо жумушун аткарды. Жыйынтыгында коңшулаш Казакстандын Курдай районунан казак филологиясы боюнча адис, котормочу, журналист Юсупбаева Нургүл редакторлукка дайындалып ишке киришти.

"Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясы ачылгандан бери көптөгөн китептер жарыкка чыкты. Ошондой эле коомчулукка белгилүү инсандар Абдымамбет Сариев, Кеңешбек Айтикеев, Капар Токтошов, Назгүл Осмоновалар редакторлук кызматты аркалап, компаниянын өнүгүшүнө өз салымдарын кошушту.

Редакциялык кеңеште академик, филология илимдеринин доктору  С.Ж.Мусаев, география илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргызстан географиялык коомунун жетекчиси С.К.Аламанов, экономика илимдеринин доктору, профессор А.С.Сарыбаев, философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Бөкөшов, КР УИнын корреспондент-мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, профессор Б.И. Борубашов, география илимдеринин кандидаты, доцент М.Д.Чогулдуров, тилчи, котормочу, КР Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору М.Абдыжапар уулу бар. 

Компания бүгүнкү күндө дагы алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет. Кытай тилиндеги китептерди түп нускасынан түз кыргыз тилине которуу менен Кытайдын тарыхын, маданиятын, искусствосун сүйүүчүлөр үчүн керектүү китептерди жарыкка чыгарып келет. Ошондой эле кытай тилин үйрөнүүчүлөр үчүн дагы кытай тилиндеги сөздүктөр менен сынамык сынактарды кыргыз тилине которуп, Кыргызстандагы кытай тилин үйрөнүүнү каалаган кыргыз тилдүү коомчулукка колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле Кытайдын өнүгүү тарыхы тууралуу саясий, илимий-популярдуу китептер, балдар үчүн аңгеме, жомоктор, башка көркөм адабияттар басылып, сатыкка чыгып келет. Кыргыз жазуучуларынын дагы чыгармалын китеп кылып чыгарууда демөөрчүлүк көргөзүп келет. Мисалы "Кыргыздар" китебинин 20 томдугун, жазуучу С. Станалиевдин "Чагылгандын көз жашы. К.Тыныстанов" китебин чыгарууга көмөк көрсөттү. 

Байланышта болуңуз