Басылган чыгармалар

АЛГАЧКЫ ЧЫГАРМАЛАР ЖАРЫК КӨРДҮ

“Алтын ажыдардын сыры”, “Суу менен Сыянын жомогу”, “Цызылан карышкырдын мүдөөсү” “Кытай эстетикасы” чыгармалары кытай тилинен кыргызча жарык көрүп, 2016-жылдын 17-декабрында Басма компаниянын” Жетекчилигинин уюштуруусу менен КР Эл жазуучуларынан, жогорку окуу жайлардан, чыгармачыл интеллигенциядан, ММКлардан өкүлдөр чакырылып, окурмандарга тааныштыруу салтанаты болуп өттү.

Салтанатта, чыгыш таануу тармагындагы тарых жана филология илимдери боюнча адис, “Басма компаниянын” Аткаруучу директору Узакбаева Наргиза Талантбековна, КР Эл жазуучусу Мелис Абакиров, “Улуу тоолор” басмасынын директору Ж. Кадыров, Башкы редактор Кеңешбек Айтикеев ж.б. сөз сүйлөштү.

 

 

ЧЫГАРМАЛАРДЫ КАЙСЫ ЖЕРЛЕРДЕН АЛСА БОЛОТ?

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан жарык көргөн чыгармалар Бишкектеги “Нуска”, И. Арабаев атындагы КМУнун китеп дүкөнүндө, Ош жана Жалал-абад шаарларынын китеп дүкөндөрүндө жана "Шанс" интернет-дүкөнүндө сатылууда.

Байланышта болуңуз