Түштүктүн көркөм дарагы

Баасы: 655 COM

Китептин тили: Кыргызча

Азыркы замандын дасторконун чайсыз элестетүү кыйын болуп калды. Чын эле жыты буркураган кызыл памил чай жашообуздун негизги суусундугуна айланды. Аны жөн күндөрү эле эмес дүйүм аш жайнатылган тойлордо да биринчи сунушчу болду. Кыскасы чай суусундугу жашообуздагы нандан кийинки эле зарыл тамак десек жарашчудай. Анткен менен чай жөнүндө, анын тарыхы тууралуу, түпкү мекени Кытай экенин көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Ага ушунчалык көнүп калгандыгыбыздан улам көп маани бербей чыккан жери Индия же Цейлон деп жаңылыш  ойлоп, таржымалына үстүрт мамиле кылабыз. Айтор чайды жакшы көрсөк да анын кандай өсүмдүк экенине, өстүрүлүшүнө, биздин дасторконубузга кандай жол менен келерине кызыгып койбойбуз.

Колуңуздардагы китеп дал ушундай суроолорго жооп таап берет, чай суусундугу тууралуу түшүнүктү кеңейтет, анын байыркы Кытайдан чыккан тарых-таржымалын чечмелейт, чай жөнүндө жөн эле баяндай бербестен аны багып өстүргөн дыйкандарды жашоо-турмуштары жөнүндө, татаал тагдырлары, кайгы-касиреттери, сүйүү-күйүүлөрү тууралуу көркөм кеп салат.

Ошентип, Бээжиндин чай музейинде эмгектенип, чайдын узак тарыхы тууралуу абдан жакшы билген чебер жазуучу Ван Сюйфэндин колуңуздардагы “Түштүктүн көркөм дарагы”аталышындагы китеби чай соодагерлеринин төрт-беш муунунун жашоо-турмушун, жалпы эле тагдырын баяндаган -“Чай чеберинин үчилтигинин” биринчи китеби болуп саналат. Жазуучу бул эмгегинде жыйырманчы жүз жылдыктын башындагы эски доордон жаңы заманга кадам таштаган кездеги кытай чайына байланыштуу окуяларды, жашоо-турмушту айкын ачып көрсөтөт. Китепте Ханчжоуда жашап, чайга байланышкан тагдыры атадан-балага өтүп, кылымдар бою чай менен соода-сатык жүргүзгөн Хандын жеке үй-бүлөсүнүн тарыхы баяндалып, өзгөрүлмөлүү дүйнөдө алардын баары өз ордун табууга аракет кылгандыгы ишенимдүү түрдө көрсөтүлгөн.

Китепте революция маалы, боштондук согушу, партиялардын ортосундагы атаандашуулар түрдүү азап-тозоктор менен бирге маңдай жарган кубанычтар каармандардын тагдырына чие байлангандыгы менен өтө кызыктуу баяндалган.

Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналды.

Байланышта болуңуз