Туруктуу түнкү сакчы

Баасы: 655 COM

Китептин тили: Кыргызча

«Туруктуу түнкү сакчы» - бул «Чай чебери үчилтигинин» экинчи китеби. Адабият чөйрөсүндөгү эң абройлуу Маодун атындагы сыйлыктын ээси Ван Сюйфэн биринчи китебиндегидей эле бул чыгармасында деле чай өсүмдүгү тууралуу кеңири кеп кылып, аны өстүргөн дыйкандардын жана чай саткан соодагерлердин жашоо-турмушун, дүйнөлүк согуш учурундагы япон баскынчыларына каршылык көрсөткөн кытай элинин эрдигин, дегеле ошол татаал кездеги Кытай мамлекетинин ал-абалын көркөм чагылдырат. Эң негизгиси ажайып көл Сихунун жээгинде жайгашып, жалпы элге Кытай Венециясы катары таанымал болгон Ханчжоу шаарынын тургундарынан жана чай соодагерлеринин тукумдарынан болгон Хан ага-инилер жана алардын балдарынын ушул кыйчалыш учурдагы тагдырлары көркөм сөз боёктору менен чебер сүрөттөлөт. Ошондой эле чай кантип суусундук жана тамак катары таанылып, колдонула баштагандыгы тууралуу көптөгөн маалыматтар, уламыштар бул китепке камтылган. Мисалы, “Шэньнундун чай китебинде” мындай деп айтылат: “Шеньун жүз чөптүн даамын татып көргөнүндө алардын жетимиш экиси уулуу болуп чыккан. Ал ошентип өсүмдүктөрдү изилдеп жүрүп, кырсык басып, кандайдыр чөптөн ууланып жыгылат, ошондо оңдой берди болуп, жанында өсүп турган чай дарагынан оозуна шүүдүрүм тамып, анын шарапаты менен өлүмдөн калып, айыгып кетет”.

Ошондой эле бул китепте чай демдөөнүн искусствого айланган ыкмалары, чайдын түрдүү сорттору жөнүндөгү маалыматтар ар түрдүү каармандардын аракеттери айкалыштырыла чебер сүрөттөлөт. Андыктан бул китепти окуган адам Кытай өлкөсү тууралуу, андагы ажайып кооз Сиху көлүнүн боюнда жайгашкан Ханчжоу шаарынын тургундары жөнүндө, анан албетте чай суусундугу тууралуу жакшы маалымааттарга жана түшүнүктөргө ээ болот.

Байланышта болуңуз