Кытай экономикасынын демистификациясы

Баасы: 510 COM

Китептин тили: Кыргызча

XVIII кылымга чейин Кытай дүйнөдөгү эң ири жана экономикалык жактан алдыдагы өлкө болгон, бирок XIX кылымдын акырында ыкчамдык менен эң кедей өлкөнүн деңгээлине түшкөн. Атуулдук маанайы күчтүү интеллектуалдардын бир тобу жана саясатчылар улуттук кайра жаралуу кыймылын киргизүүгө катуу аракет жасашкан. Өлкө тагдыры кыйчалышка түшкөн, бул кырдаалды Кытай 1979-жылы базар реформасын баштагандан тартып оңдоого мүмкүн болгон. Ушул мезгилден тартып Кытай дүйнөдөгү эң ыкчам өнүккөн экономикасы бар өлкөгө айлана баштаган жана 2030-жылга карата “дүйнөдөгү эң ири экономика” деген наамын кайра кайтарып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Экономикалык серепке жана экономикалык саясат тууралуу талкууларга жеке катышуусундагы тажрыйбасына таянып, Жастин Йифу Лин эмне үчүн Кытай азыркы доорго чейин алдыңкы катарда болгонун, кандай себептерден улам эки жүз жыл бою артка кете баштаганын, базар экономикасына кандай жолдор менен барганын жана мыкты аракеттеги, алдыңкы базар экономикасына өтүүнү жыйынтыкташы үчүн дагы кандай реформаларды жүргүзүү керектигин түшүндүрөт.

Байланышта болуңуз