Кытай тарыхы

Баасы: 720 COM

Китептин тили: Кыргызча

«Кытай тарыхынын он беш сабагы» азыркы Кытай Эл Республикасынын элинин байыркы доордон ушул күнгө чейинки тарыхы тууралуу жалпы окурмандарга түшүнүктүү болуу үчүн жөнөкөйлөштүрүлүп  жазылган өтө баалуу эмгек болуп саналат.

Биринчиден, «Кытай  тарыхынын он беш сабагы» китебинде, эң негизги камтыла турган темаларды изилдеп чыгуу чыгарманын сапатына түздѳн түз көз каранды болгоундуктан негизги он беш тема тандалып алынган:

Кытай маданиятынын пайда болуусун илимий жактан изилдѳѳ; Байыркы Кытай коому жана династиялардын орун алмашуусу,Хан, Тан, Цинь династияларынын «гүлдѳп ѳсүү доору» саясаттарын, байыркы Кытай транспорту жана маданият аралык байланышын,Кытай тарыхындагы улуттар аралык мамилелерди, Байыркы Кытай саясаты, мыйзамы жана жогорку мамлекеттик кызматтарга тандоо сынактарынын эрежелерин, байыркы Кытай айыл чарбачылыгы, кол ѳнѳрчүлүгү жана соода системасын, Байыркы Кытай аскерлеринин ой жүгүртүүсү, аскер системасын, байыркы Кытай коомунун ар тараптуу, бай жана кызыктуу жашоо турмушу, байыркы Кытай идеологияларынын ѳнүгүүсү, Байыркы Кытай адабият искусствосунун кенчин, Байыркы Кытайдын тарых илиминин түзүлүшү жана ѳнүгүүсүн, Байыркы Кытайдын илимий ой жүгүртүүлѳрү, Кытайдын жаңы тарыхынын негизги маселелерин, Коммунисттик модернизациялануу мезгилинин оор ѳнүгүү жараянында республикалык чалгындоолорду тема кылып тандап алып,  бул он беш теманын ичинде Кытай мамлекетинин тарыхынын негизги мазмунун толук кѳрсѳтүп берүү идеясын турмуш жүзүнө ашырышкан. 

Демек, бул он беш сабактын негизги мазмуну эмнеде?..

Тарых маданияттын баалуулугу, ал эми маданият тарыхтын ѳнүгүүсү болуп эсептелет.

Чындыгында  автордун айтканындай, Кытайдын тарыхы, “Кытай маданиятынын тарыхы” болуп саналат.

Бул китептин түпкү идеясы мына ушул жипке шуру тизгендей жайгашкан системалуулукта. Мындай ыкма окурмандарды ѳз алдынча ой жүгүртүүгѳ чакырат. Дал ушундай ой жүгүртүү аркылуу бул он беш сабактын  бир системалуу, тематикалык жактан бири-бирине дал келгендей кылып баяндалгандыгын терең түшүнсөк болот.  

Бул он беш сабак тарыхчы-окумуштуулардан тартып, карапайым окурмандарга чейинки ар түрдүү кесипте эмгектенген бирок, тарых дүйнөсүнө кызыккан, өткөнүн сыйлоого, тактоого багыт берген, мекенчил көз караштагы өз улутунун келечегин ойлоп, тарыхын иликтөөгө далалаттанган инсандарга оң таасирин тийгизип, изденүүгө, намыстанууга түрткү берери бышык.

Байланышта болуңуз