УЛУУ КЫТАЙ ДУБАЛЫНЫН ТАРЫХЫ

Баасы: 444 COM

Китептин тили: Кыргызча

«Кытай баалуулуктары» сериясы:

УЛУУ КЫТАЙ ДУБАЛЫНЫН ТАРЫХЫ

 

 

Автор: Хы Чаңлиң

Кытай тилинен которгон: А. Темиркан кызы

Редактор: Н. Осмонова

ISBN 978-9967-9207-7-4

 

Улуу Кытай дубалы  – бул Түндүк Кытайдагы чеп-дубал, байыркы Кытайдагы курулуш өнөрүнүн укмуштуу эстелиги. Анын 1-бөлүгү б.з.ч. 4-3-кылымда курулган. Майда падышалыктарга чачыраган Кытай мамлекети бириккенден кийин, император Цинь Шихуанди өлкөнүн түндүк-батыш чек арасын көчмөндөрдөн коргоо үчүн туташ дубал курууга буйрук берген. Чеп-дубал тарыхта далай жолу оңдолуп, көп жылдар бою курулуп, чыгыштан батышка карай Ляодун булуңундагы Шань-Хайгуань шаарынан Цзяюйгуань (Ганьсу провинциясы) кыштагына чейин созулат. Бул архитектуралык эстеликтин курулушу б.з.ч. 3-кылымда же император Цинь Шихуанди (Цинь династиясы) башкарып турган мезгилде башталып, курулуш иштери 2100 жылга созулган.

Бул китептен сиздер мына ушул дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон Улуу Кытай дубалы тууралуу кенен маалымат аласыздар. Китеп кытай таанууга кызыккандарга жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө сунушталат.

Байланышта болуңуз