ЖЫГАЧ КУУРЧАКТАР

Баасы: 245 COM

Китептин тили: Кыргызча

«Кытай көркөм өнөрү» сериясы:

ЖЫГАЧ КУУРЧАКТАР

 

Автор: Лю Ин

Которгон: А. Темиркан кызы

Редактор: Н. Осмонова

ISBN  978-9967-9106-0-7

 

Ар бир улуттун өзүнө таандык маданияты бар. Батыш маданияты, ааламдашуу сыяктуу терс таасирлер Кытайдын салттуу маданиятына болуп көрбөгөндөй коркунуч жаратууда. Мындан улам көп кылымдардан бери өнүгүп-өөрчүп келаткан элдик өнөрлөр жок болуу абалында турат. Мына ушундай учурда Кытай өлкөсү элдик өнөрлөрдү сактап калуу үчүн бир топ иштерди жасоодо.

Колуңуздагы «Кытай көркөм өнөрү» сериясы боюнча чыгарылган китептер – ошол иштердин бири. Бул элдик өнөрлөр элдин эзелкиден берки тарыхын, рухий байлыгын, бийик мүдөөсүн, асыл ой-тилегин камтып турат жана улуттун кооздукка суктанып умтулуусун, кала берсе, карапайым адамдардын күнүмдүк жай турмушун, майрамы менен арманын да айкын чагылдыра алат.

Бул китепте наристелердин сүйүктүү оюнчугу болгон куурчактар, алардын пайда болуу жана жасалуу тарыхы баяндалат.

Байланышта болуңуз