КЫТАЙДЫН ТААНЫМАЛ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ. I ТОМ

Баасы: 0 COM

Китептин тили: Кыргызча

КЫТАЙДЫН ТААНЫМАЛ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ. I ТОМ

 

Автор: Фань Боцюнь

Которгон: Ф. Исанова

Редактор: К. Аркабаев

ISBN 978-9967-9151-0-7

 

Кытайдын таанымал романдарынын жаралышы соңку Цин династиясынан башталып, акырындык менен өнүгүүнүн өр талашкан жолуна түшүп, көптөгөн таланттуу жазуучулардын кара тер агызган мээнетин жана изденүүлөрүн талап кылуу менен, азыркыдай калыптанган. Ал тургай, «4-май» кыймылынын чоң сыноосуна кабылып, катуу соккусуна тушукса да, таанымал адабият авторлору баштагыдай эле элдин эрмеги болор, коомду тарбиялай турган көркөм дөөлөттөрдү жарата беришкен, калемдерин курчутуп, жогорку деңгээлдеги улуттук адабияттын пайдубалын түптөшкөн, бул татаал жолдо муундар алмашып, устаттардын ордун шакирттер басып турган. Алардын ичинен «Турмуштун тозогунда кайнаган бейкүнөө адамдар» тууралуу жазган Би Ихундун, республика мезгилиндеги жоокердик романдардын баштоочусу Сан Кайжандын, чыгаан сатирик Чэн Чжаньлунун, ошондой эле 30-жылдары адабият астанасын аттаган белгилүү адабиятчылар Чжан Хэншуйдун, Ван Дулунун, Цинь Шоуоунун жана башкалардын чыгармачылыгы жөнүндө сөз болот. 40-жылдардын чыгаан жазуучуларынан болгон Чжан Айлинин, Сюй Сюйдүн жана У Мингинин чыгармачылыгынын өрүш алганын, көркөм дүйнө жаратууда кылдат чеберчиликке жетишип, элге кеңири таанылган адабияттын деңгээлин бир кыйла жогорулатканын, дегеле  жаңы заман жараткан социализмге чейинки Кытайдын көркөм адабиятындагы оош-кыйыштар, адашуулар менен ийгиликтер баяндалат. Андыктан сиздердин колуңуздардагы бул ири илимий эмгек кытай элинин таанымал адабиятынын өнүгүү жолун так чагылдыргандыгы менен баалуу.

Байланышта болуңуз