КЫТАЙДЫН ТААНЫМАЛ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ. II ТОМ

Баасы: 1400 COM

Китептин тили: Кыргызча

КЫТАЙДЫН ТААНЫМАЛ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ. II ТОМ

 

Автор: Фань Боцюнь

Которгондор: Н. Сакиева, Н. Эгембердиева

Редактор: К. Аркабаев

ISBN 978-9967-9151-1-4

 

Кытайдагы өз заманында элге кеңири таанымал болгон адабияттагы романдар Цин династиясынын аягында жаралып, акырындык менен өнүгүп отуруп, анын татаал формасы калыптана баштаган. Ал тургай, бул жанрдын авторлору «4-май» кыймылында катуу соккуга кабылышкан. Бирок кийинки авторлор муундан-муунга алмашып, улам жаңы таланттар жана аны жактоочулар өсүп чыккан.

Бул тармакка «Турмуштун тозогунда кайнаган бейкүнөө адамдар» аттуу чыгарма жазган Би Ихун, республика маалында рыцарлар жөнүндөгү романдардын негиздөөчүсү Сян Кайжань, сатирик  Чэн Чжанлу, ошондой эле 30-жылдардагы белгилүү адабиятчылар Чжан Хэншуй, Ван Дулу, Цинь Шоуоу келип кирген.

40-жылдары болсо Чжан Айлин, Сюй Сюй жана У Мингшилер адабият айдыңында аша чабууларга барышканы менен, ошол заманда элге кеңири белгилүү болгон адабияттын деңгээлин бир кыйла жогорулатышкан. Кийинчерээк Жаңы Кытайдын  түзүлүшү менен Кытайдагы өз заманына таанымал адабият өз өнүгүүсүн токтоткон.

Бул эмгекте ошол замандын белгилүү адабиятынын калыптануу, өсүп-өнүгүү жолу ачык-айкын жазылып, алдыңыздарга тартууланды.

Байланышта болуңуз