Жүз жылдык кийим баяны

Баасы: 600 COM

Китептин тили: Кыргызча

Жүз жылдык кийим баяны: XX кылымдагы Кытайдын кийим маданиятынын өзгөрүү абалы

Авторлору Юан Зы, Ху Йүе

Редактору Н.Осмонова 
Кытай тилинен которгон Д. Насиров 

ISBN 978-9967-9262-8-8


    Кытайдын бардык династияларында кийим кийүү маданиятына олуттуу маани берилген. Ал гана эмес, феодалдык-императордук доордо майда-барат нерселерге чейин катуу көзөмөл болгондугу тарыхтан белгилүү. Тарыхый булактарда жазылгандай, кийим – бул денени жаап, сууктан коргонуу үчүн колдонулган буюм гана болбостон, коомдогу ырааттуулукту, тартипти, улуу-кичүүнү, саясий-социалдык даражаны, арзан менен кымбатты, жакын менен душманды айырмалап билдирген. Кийим – бул өзгөчө искусствону жана эстетиканы талап кылган адам баласынын жашоодогу бирден-бир муктаждыгы. Юан Зы жана Ху Йүе ысымдуу жаш жубайлар кытай элинин XX кылымдагы кийим маданияты тууралуу эң сонун эмгек жаратышты. Авторлор бүт жашоосун, жан дүйнөсүн кийим тигүү өнөрүнө, эстетикага арнашкан.
     Китеп кытай таанууга кызыккандарга жана окурмандардын жалпы катмарына арналган.

Байланышта болуңуз