Нооруз майрамы

     21-март Нооруз майрамына карата эл аралык "ШАНС" китеп дүкөнүндө, "Тогуз-Торо жаштар биримдигинин" жигиттери жана "Шам чырак" интеллектуалдык клубунун кыздарынын ортосунда кыз-жигиттин кызыктуу оюну Сармерден болуп өттү. Канат Шабданбеков эрке баланын, ал эми Гулина Касымалиева шайыр жеңелик милдетти колго алып, конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

     Бул иш-чара Сармерден менен гана чектелбестен, катышуучулар тарабынан кыргыз элинин каада-салттары көргөзүлүп, улуттук тамак-аш жарманкеси да өткөрүлдү.

     Таймаштын жыйынтыгында жигиттер менен кыздар бирдей упайга ээ болуп, кыз-жигиттин ортосундагы ынтымак жеңди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Байланышта болуңуз