23-апрель - бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

Азаматтын жашоосунда ал жараткан бардык нерсенин өз орду жана тарыхы бар. Тарыхта ушул күнгө чейин такталбай сыр болуп келаткан кандай гана кереметтер, жер астында канча деген кен-байлыктар бар. Ошонун баары тарыхый жана материалдык байлык экенин билебиз. Бирок тарыхый байлыктар урап жок болорун, кен-байлыктар бир күнү түгөнөрүн аңдабай келебиз. Ал эми илим-билимдин, акыл-эстин казынасы болгон китеп - түбөлүктүү.
"Китеп - билим булагы, китепти сүйө билгиле.

Ал турмушуңарды жеңилдетип, ой-пикирдин, сезимдин, окуянын чиеленген түйүнүн чечүүгө жардам берип, башка адамды жана өзүн-өзү урматтоого үйрөтөт. Өзүмдөгү бардык жакшы нерсе үчүн китеп окууга милдеттүүмүн. Мен канчалык көп окуган сайын китептер мага жашоо сырын ачып, өмүрүм кызыктуу да, маңыздуу да, маанилүү да боло баштады",- деп белгилүү жазуучу М.Горький айткан экен.


Биздин да өмүрүбүз, ар бир күнүбүз кызыктуу, маани-маңыздуу өтсүн десек, китеп менен дос бололу. Кыргыз адабиятынан баштап, дүйнөлүк адабиятка жол ачалы. Ар бир китептин артында тоодой мээнет бар экенин эске алып, китепке аяр мамиле жасайлы.
Майрамыңыздар кут болсун!

Байланышта болуңуз