Ыйык Рамазан айы кут болсун ардактуу окурмандар!

Ыйык Рамазан айы кут болсун ардактуу окурмандар!

Он эки айдын эң куттуусу айлардын султаны болгон, жүрөктөрдү ыйманга толтуруучу, напсини тарбиялоочу Ыйык Рамазан айы да кирип келди. “Шанс” китеп дүкөнүнүн жамааты баарыңыздарды улуу Рамазан айы менен куттуктайт! Бул ай жакшылыктын, оор илдеттен арылган күндөрдүн айы болсун. Бул айда ар бириңиздердин тилектериңиздер кабыл болуп, ниеттериңиздер калыс болуп, жүрөктөрүңүздөр ыйманга толуп, жамандык бизден алыс болсун.

Убактылуу чектөөлөр бүтүп, окурмандар менен жолукчу күндөргө аз калды. Үйдө болуп, тазалыкты сактайлы. Орозо маалында пайдалуу жана кызыктуу китептерди окуп, жан дүйнөңүздөрдү байытыңыздар.

Туткан орозоңуздар кабыл болсун!

Байланышта болуңуз