КЫТАЙ ИМПЕРАТОРЛОРУ КАНДАЙ ЧАЙ ИЧИШКЕН?

Чайдын тарыхы

Автору Ву Шаохуи

 

     Чайдын мекени – Кытай өлкөсү. Эл арасында айтылып жүргөн уламыштар жана тарыхый китептердеги маалыматтарга таянсак, чай менен байланышы бар белгилүү адамдар Кытайда абдан көп, алардын арасында чыгармачыл адамдар, будда кечилдери, даражалуу атка минерлер, падыша үй-бүлөсүнөн чыккан ак сөөктөр да бар.

     “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан кытай тилинен кыргыз тилине которулуп (которгон Алтынай Темиркан кызы), окурмандардын назарына сунушталып жаткан бул «Кытай баалуулуктары» сериясынан “ЧАЙДЫН ТАРЫХЫ” аттуу китеп тууралуу кыскача баяндап берели. Бул китепте чайдын кылымдардын тереңине чейин кеткен узак тарыхы гана эмес, анын түрлөрү жана демдөө ыкмалары кандайча өзгөрүп келгендиги тууралуу кабардар болосуз. Ошондой эле чай маданияты кандайча калыптанганын, байыркы Кытай императорлору кандай чай ичкенин, чай салтанаттары, мелдештери кандайча өткөрүлгөнүн, чай тууралуу уламыштарды, окуяларды окуйсуз жана чай жөнүндө көптөгөн маалыматтарга ээ болосуз.

     Тарыхый жазма булактардагы маалыматтарга караганда, чай алгач Кытайда дары катары ичилсе, кийин суусун кандыруучу касиети билинген соң, суусундук катары ичиле баштаган. Убакыттын өтүшү менен чай кытай элинин күнүмдүк жашоосундагы алмаштырылгыс суусундукка айланган. Бул тарых эң аз дегенде 5000 жылга созулган узун убакытты камтыйт. Эл оозунда айтылып жүргөн уламыштардын бири боюнча, 5000 жыл мурун дыйканчылык менен медицинанын Кудайы делген Шеннуң элди оорудан айыктыруу үчүн ар түркүн чөптөрдү жана бактардын жалбырагын жеп көрүп, дары издейт. Ошентип, баш-аягы болуп 72 уулуу чөптү жеп көргөн ал катуу ууланып, кыймылдоого дарманы келбей бир жыпар жыттуу бактын астына келип жыгылат. Бир маалда катуу шамал башталып, бактын жалбырактары уча баштайт, өсүмдүктөрдүн даамын татууну адат кылган Шеннуң бир жалбыракты эптеп тосуп алып, оозуна салып чайнап жутат, ошондон көп өтпөй ал денеси жеңилдеп, уулуу заттардан арылганын сезет. Бул жалбырак баарыбыз билген чай дарагынын жалбырагы болот. Ушул окуядан кийин Шеннуң чайдын денедеги уулуу заттарды чыгара алган дарылык касиетин билип, адамдарды дарылап, суусундук катары да жайылта баштайт.

     Чыгыш Жин (б.з.ч. 317-420-ж.ж.) доорунда яшма тактайлардагы «Хуаяң мамлекетинин тарыхы» аталышындагы жазууларда төмөндөгүдөй маалымат бар: «Б.з.ч. 1057-жылы Жоу Вуваң (б.з.ч. XII–XI кылымдарда жашаган Жоу династиясынын негиздөөчүсү) бийлик жүргүзгөн Шан династиясынын Ин мезгилинен (б.з.ч. 1401- 1122-ж.ж.) баштап, түштүк-батыш аймактардын жогорку сапаттагы чайлары товар катары Ортонку түздүккө ташылып, кеңири таралган. Түштүк-батыштан Ортонку түздүктүн ортосундагы жол өтө узак болгондуктан, жаңы үзүлгөн чай жалбырактары жолдон соолуп, кургап калгандыктан, бара-бара кургак чай ичиле баштаган...». Ал убакта кургатылган чайларды азык катары жешкенби, дары катары колдонушканбы же суусундук катары ичишкенби, бул суроого карата байыркы кол жазмаларда так маалыматтар жок. Бирок Чунчиу (б.з.ч. 770- 476-403-ж.ж.) доорунан калган «Янзынын жазы жана күзү» китебинде Ци падышачылыгынын саясий ишмери Ян Иң (б.з.ч. 578-500-ж.ж.) чайды күнүмдүк тамак же «жашылча» катары жегени айтылат. Мындан улам чай түштүк-батыш аймактарда алгач тамак катары кургак желгендиги, ортонку түздүккө тамак катары киргендигин билүүгө болот, ал эми «Шеннуңдун тамактар жөнүндөгү китеби» аттуу кол жазмада адамдар «чай ичебиз» дегендин ордуна «чай жейбиз» деп айтышкан. Демек, Чиң жана Хан доорундагы адамдар чайдын сергитүүчү, көңүл көтөрүүчү касиетин билгенин байкасак болот. Чиң династиясынан (б.з.ч. 246-207-ж.ж.) мурунку доорлордо чай суусундук катары эмес, тамак жана дары катары элге кеңири таралган десе болот. Анын үстүнө Кытай медицинасында дары чөптөр эң көп колдонулган. Буга «тамактын баары дары» деген учкул сөз мисал боло алат. Демек, «чай тамак катары да, дары катары да желген» деген сөз жөн жерден айтылган эмес.

     Чайдын суусундук катары адамдардын жашоосунда жаңы орунду ээлөөсү анын дарылык касиетине да байланыштуу болуп, анын денеден ууну чыгаруучу, тамак сиңирүүчү касиети менен бирге суусун кандыруучу, көңүл көтөрүүчү, сергитүүчү сапаттары бар экени аныкталган. Кийинки замандарда чай дары жана суусундук катары күнүмдүк жашоодо көп ичиле баштаган. Чайды көбүнчө кайнатып ичүү жагымдуу экени байкалган. Хан доорунда дагы адамдар чайдын эң негизги дарылык касиети сергитүүчү күчү экенине ынанышкандыгы тууралуу маалыматтар кеңири. Ал эми Таң доору – Кытайда феодалдык мамилелер өнүккөн кез. Ошондой эле ал чай ичүү маданияты үчүн алтын доор болгон десек да жарашат, себеби дал ошол учурда чай суусундугунун жайылышына жакшы шарттар түзүлгөн. Таң доорунда экономиканын жана маданияттын гүлдөшү менен чай суусундугу коомдун ар бир катмарынын күнүмдүк жашоодон бөлүнгүс бир бөлүгүнө айланып, чай ичүү маданияты дүйнөгө кеңири тарай баштаган.

                                                                           

     Тарыхый булактардагы маалыматтарда ошол убакта падыша үй-бүлөсү барктаган чайлар Хужоу округунун кызгылт көк чөп чайы жана Сычуан провинциясынын Мыңшан тоолорунун мыңдиң чайы болгондугу айтылат. Падышанын үй-бүлөсү иччү жогорку сапаттагы чайды иштетүү үчүн Таң падышасы атайылап чайды жогорку сапатта иштете турган ишкана ачкан, андагы иштин жүрүшүн көзөмөлдөө округ башчысына тапшырылган. Падышанын үй-бүлөсү ичип жаткан жогорку сапаттагы чайдан алардын жакшы көргөн адамдарына жана даражасы чоң кызматчыларына белекке берилип турган. Бул адамдар үчүн падыша берген чайды ичүү, биринчиден, чоң сыймык болсо, экинчиден, жогорку сапаттагы жыпар жыттуу чайды ичүү өзүнчө ыракат болгон... Тарыхый кол жазмалардан белгилүү болгондой, бул заманда коомдун ак сөөк катмарына чай ичүү адаты кеңири тараган.

     Ошентип, Миң жана Чиң доорунда адамдар чайканаларга бир гана суусун кандыруу үчүн эмес, көбүнесе маданий жана рухий жактан азыктануу үчүн бара башташат. Жөн гана чай ичүүчү чайкана болобу, китепканадагы чайкана болобу, бардыгы кардарларынын рухий муктаждыгын канааттандыруу үчүн аракеттенген. Бул албетте, чайкана маданиятынын жогорулагандыгынан кабар берет. Чиң доорунан тартып, чайканалар көп түрдүү өнүгө баштаган, алардын иштөө ыкмасы дагы бир-биринен айырмаланган. Мисалы, китеп окугуча чай ичүүчү, чайга кошуп тамак берүүчү жана башка чайканалар көбөйгөн. Китеп окугуча чай ичүүчү чайканалар Чиң доорунда абдан барктуу болгон. Мисалы, Бээжин шаарынын Доңхуамын дарбазасына жакын жайгашкан Доңюэсүен жана Асман көпүрөсүнүн жанындагы Фухайсүен чайканалары китеп окугуча чай ичкен эң белгилүү чайканалардан болгон. Мындан тышкары кээ бир чайканаларда театралдык оюндар да коюлган.

     Таң доорунда Жапон өлкөсүнөн Кытайга абдан көп окуучулар келген жана алар Кытайдын чай ичүү маданиятына абдан таасирленишип, аны үйрөнүп, кайра кайтып барып жапон элине жайылтышкан. «Жапондордун синтоизминин сыры» аттуу китепте биздин замандын 805-жылы Кытайдан билим алып, Жапонияга кайтып барган жогорку даражадагы кечил Зуйчың (Сайтё) камелиянын уругун ала келгени жазылган. Ал уруктарды жапондордун синтоисттик ибадатканасынын бакчасына сээп өстүрүшкөн. Азыркы кезде бул бакча жапондордун эң байыркы чай плантациясы болуп саналат. Ошол убакта Жапон өлкөсүндө чай абдан кымбат жана баалуу суусундук болгон. Аны бир гана императордун үй-бүлөсү жана жогорку даражадагы кечилдер иче алышкан. Алар ичип отуруп чыгармачылык менен алектенишкен.

     Кытайда чай маданиятынын жаралышы менен чай ичүүнүн эрежелери чай сүйүүчүлөр тарабынан улам үзгүлтүксүз өзгөрүлүп, улам жаңыланып келет. Чай жалбырагын суусун кандыруу үчүн чайнаган байыркы кезден тарта кайнак сууну чайдын үстүнө куюп демдеген азыркы күнгө чейинки абдан узак жана өнүгүү жолу биз сөз кылып жаткан китепте абдан кеңири бюаяндалган. Алсак, Таң дооруна чейин чай сүйүүчүлөр көбүнчө чайды кайнатып ичишкен. Алгач чай жалбырагын майдалап, казандагы суу боркулдап кайнай баштаганда майдаланган чай жалбырагын салып отту күчөтүшкөн. Суу катуу кайнап үстүнө чайдын чоң-кичине гүлдөрү калкып чыга баштаганда, казанды оттон алып үстүндө калкыгандарды сузгу менен калпып алып башка идишке салышкан, муну чайдын маңызы деп эсептешкен. Чай жалбырагы салынган сууну дагы катуу кайнатышып, кийинки калкып чыккан көбүк менен чай гүлдөрүн кайрадан калпып алышып, мурункуга кошушкан. Мындан соң чай маңызын өзүнчө кайнатышкан. Бул «түстүү чай» деп аталган даяр чайды бир аз убакытка койгон соң иче башташкан.

     

 Чай демдөө Соң доорунда кеңири тараган жана бул учурларда чай кайнап жаткан сууга салынган эмес. Алгач нанга окшош тегерек ныкталган чайды майдалап чай чыныга салышкан. Мындан соң гана анын үстүнө кайнак суудан жаба куюп, кайра төгүп, бир нече ирет чайкашкан. Биринчи жолу чайкаганда көбүк пайда болгон, экинчи чайкоодо чайды оодарып, андан соң суу куюп аралаштырылган, үчүнчү жолкуда дагы аралаштырып сууну төгүп салышкан. Төртүнчү жолку суу куйганда чай жумшарып, даамы чыккан, башкача айтканда, даяр болгон.

     Гүл чай демдөө кара өрүк гүлү, османтус, жасмин жана башка гүлдөрдүн майдаланган жалбырактары менен бирге чыныга салынып, үстүнө кайнак суу куюлганда буу чыгып, жыпар жыттуу, кооз чай суусундугу даяр болот. Чийки чай демдөө Чайга кургатылган жемиштерди салып үстүнө ысык суу куюлат, даяр болгондо чайы ичилип, жемиши желет. Мындай чайды көбүнчө тоодо жашагандар ичишкен, себеби түрдүү жер-жемиштер көп болгондуктан, өздөрү кургатып даярдашкан. Ысык суу куюлары менен чайдын жыпар жыты чыгып, өңү өзгөрүлгөн. Ал эми чайдын коюулугун (күчтүүлүгүн) ар бир адам өзүнүн табитине жараша суу куюп жөнгө салып алган. Чайды демдөөдөн мурун аны бир аз суу куюп чайкап алышканын да айта кетүү кажет.

     Чай ичүү үчүн булак суусун тандоо Миң доорунда жашаган адамдардын жакшы көргөн иши болгон. Кудай берген ыйык нерсе катары жыгач челектерге сактап койгон булак суусунан чай демдеп, Миң доорунун билимдүү адамдары өткөн замандын акылмандары жазган китептерди окушкан, таланттуу акындарынын ырларын жатка айтышкан. Бул алардын жашоосундагы жалгыз ыракат, бирден-бир кубанычтай эле. Андыктан Миң доорунун билимдүү адамдары булак суусу менен чай суусундугун талыкпай изилдешкен.

     Жыйынтыктап айтканда, окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган “Чайдын тарыхы” китебинде чайдын курамы, анын пайдалуулугу, зыяндуулугу, канчалык өлчөмдө ичүү керектиги тууралуу дагы кеңири маалыматтар камтылган. Мисалы, чайдын курамындагы кофеин бөйрөктү дүүлүктүргөндүктөн, заара көбүрөөк бөлүнүп чыгып, организм зыяндуу заттардан жакшы тазаланат. Мындан тышкары заара организмдеги сүт кантын азайтып, чарчоо сезимин жок кылып, көңүлдү сергитет. Мындайда жумуштун көптүгүнөн баш көтөрө албай иштегендердин эң жакшы жардамчысы чай болуп саналат. Бирок чайды ашыкча же өтө коюу ичүү бөйрөктү ашыкча дүүлүктүргөндүктөн, организмдеги суулар ашыкча бөлүнүп чыгып, бөйрөктүн иштөөсү бузулат. Ал эми организмде суунун аз болушу ичти катырат.

     Мына ушул сыяктуу чайдын ден соолукка тийгизген таасирлери тууралуу канча кылымдардан бери эле изилденип, көп деген маалыматтар топтолуп келген. Ошондой эле узун тарыхты камтыган чайдын сулуулукту сактоочу, өмүрдү узартуучу, арыктатуучу касиеттери тууралуу дагы Кытай маалыматтарында көп айтылат.

     Чайдын тарыхы, анын курамы, пайдасы жана зыяны тууралуу, ошондой эле чайдын түрлөрү тууралуу кызыксаңыз «Кытай баалуулуктары» сериясынан “ЧАЙДЫН ТАРЫХЫ” аттуу китепти окууну сунуштайбыз. Бул китепте элдик медицина, тамак-аш технологдору деги эле ар бирибиз билип алуу үчүн абдан кызыктуу маалыматтар камтылган.

     Чай – пайдалуу суусундук.

 

НАЗГҮЛ АСАНАКУНОВА

“Чыгыш адабияты жана искусствосу”

басма компаниясынын башкы редактору

Байланышта болуңуз