Бөрү эненин кыялы

 

Автору Шен Шыси

 

     Адамзаттын бала тарбиялоодогу орду, үй-бүлөдөгү ата-эненин ролу тууралуу көп эле талкуулап келебиз. Бирибиз балдардын тарбиялык жактан калыптанышына чөйрөсүн күнөөлөсөк, кээ бирибиз үй-бүлөсүнүн таалим-тарбиясынан көз каранды деп, кээ бирөөбүз баланын өзүнүн дээринен деп, күнөөнү балага арта салабыз. Бирок элибизде “Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген накыл кеп бар эмеспи. Дал ушул накыл кепке таянып, балдарды тарбиялоодо эң биринчи ата-эненин орду чоң экенин көрүүгө болот. Анткени бала дүйнөнү жаңыдан таанып баштаганда, анын жанында эң  биринчи энеси болуп, эненин аң-сезимине, дүйнө таанымына жараша баласы да дүйнөнү ошондой таанып, коомго ошондой аралаша баштайт. Балдарыбызды тарбиялоодо кээ бир энелер бир баласын башкаларынан жогору баалап, артыкча жакшы көрүп, ал баласына өзгөчө жылуу мээрим тартуулоо менен, башка балдарына көп көңүл бурулбай калат. Кээде бир аз тентек баласын “Сен тентексиң, сенин колуңдан эч нерсе келбейт, сен адам болбойсуң!” деп жээрий берип, анын аз-аздан болсо да өзүнө болгон ишеничин жоготушуна себепкер болобуз. Ал ишеним баланын кулк-мүнөзүндө кичинесинен калыптанып калат дагы, кийин эр жеткенде да кичинесиндеги кемсинтүүлөр баланын жашоосуна терс таасирин тийгизип коёт. Автор дал ушул бала тарбиялоо, коомго татыктуу жол башчыны дайындоо, жалпы эле адамзат коому тууралуу жырткыч жаныбарлардын образы менен “Бөрү эненин кыялы” чыгармасы аркылуу бергенби деген ой келет. Автордун өзгөчөлүгү – коомдогу энелердин ордун, таалим-тарбиялык артыкчылыктарын аз да болсо төмөндөгү чыгармага камтый алгандыгы.

     Бул чыгарманын автору Шен Шыси (Шэнь Шиси)– кытай элинин чыгаан балдар жазуучусу. Ал өз өлкөсүндө “жан-жаныбар баяндарынын падышасы” деген атакка ээ. Ал 2015-жылы 12 млн  юань калем акы алуу менен эң көп калем акы алуучу 9 автордун катарына кирген.

     Анын “Бөрү эненин кыялы” аттуу эмгеги “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан кытай тилинен кыргыз тилине түз которулуп, жалпы окурмандардын сүйүктүү китебине айланды. Кыргыз тилине которулган бул чыгарма көпчүлүк окурмандардын сунушу менен басмадан экинчи ирет басылып чыкты.

    

     Чыгармада берилген сюжет менен коомдогу энелердин орду, жалпы адамзат коомундагы ар кандай социалдык ж.б. маселелер кеңири чагылдырылып, бөрүлөр жашоосу менен салыштырып берүү жазуучунун мыкты чеберчилиги экендигин айгинелеп турат.

     Сөзүбүз куру болбошу үчүн китептен үзүндүлөрдү сунуштайбыз.

 

***

     ...Бөрүлөр үйүрүндө жол башчылык укум­дан-тукумга мурас болуп өтпөйт, алар кандуу кармаштан кийин эң айбаттуусун такка көтө­рөт. Катуу талап кылуучу машыгуудан жана тарбиядан башка  аларды жакшы багуу – аб­дан маанилүү иш. Булар Зылаңга беш колдой белгилүү, ушул себептерден улам бөлтүрүктө­рүн кичинекейинен курсагын ачырбай, дени сак, күч-кубаттуу кылып асыроо анын негизги максаты эле...

 

***

     ...Бул иш Зылаңга жандырмаксыз табыш­мактай кала берди. Луожианын каардуу улуганы учу-кыйырсыз талаага жаңырып, Шуаңмаонун өйдө көтөрүлгөн буттары жер­ге түшүп, бекем кысылган денеси топту ийне менен сайгандай жели чыгып бошоп калды. Шуаңмаонун жүзүндө көптөн бери көрүнбө­гөн коркуу сезими кайрадан жаркырап чыга келген. Зылаң Луожианын ырылдаганынан Шуаңмаонун баягы мурунку кебетесине кай­ра кайтып келгенин ошол замат сезген. Бала кезинен жүүнү боштугу турукталып, ал оңой эле жок болбойт. Зылаң баары бир өжөрлө­нүп Шуаңмаону мыкты тарбиялаган, бирок үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы деген сыңары, Шуаңмао кайра эски адатына түшүп, баягы руху жок карышкырга айлан­ган, бирок чындыгында, бала кезиндеги жү­рөксүздүгүн жана кайратсыздыгын жок кыла албайсың, аны жаныңдын түпкүрүнө жашыр­саң да, эртеби-кечпи, акыры эски ооруча кай­ра калыбына келет.

     Эгерде Зылаң алдын ала ойлонгондо, азыр мындай болмок эмес. Аттиң, арман!.. Арман ай!..

     Көз ирмемде Шуаңмао тырмактарынын жана азууларынын күчүн басаңдатып, итче «каалаган буйругуңду аткарууга даярмын» дегенсип, бөтөн бир карышкыр болуп өзгө­рүлдү. Ал акмактанып, артка бурулуп качууга камынды. Ал бул кармашууда жашоо үчүн эмес, өлүм үчүн урушканын эсинен чыгарып, багынганы аз келгенсип, жанын соо калты­руусун сурангандай болду. Ал карышкырдын тирүү калышы, дүйнөдөгү аёосуз ажалга тете экенин да унуткан. Ал бөрүлөрдүн чөйрөсүндө күчтүүлөр алсыздарды жей турганын унуткан. Ал кандын жытына дүүлүгүп, аларды курчаган карышкырлардын жемине айланарын эсинен чыгарган эле…

     Луожиа көптү көргөн тажрыйбалуу жол башчы болгондуктан, ал Шуаңмаонун артка бурулуп качканын байкап, анын жамбашынан катуу тиштеп, моюн этинин канын агыза жул­ганда кайнаган ысык каны атырылып, кып­кызыл каны апапак кар бүртүгү менен ара­лашып, чөптүн бетине себеленди. Шуаңмао кулакты жарчудай азаптуу улуганда, баятан бери тегерете карап отурган бөрүлөр макса­тына жеткендей белги берип улушту. Шуаң­маону баары бирге жабылып капташканда, Шуаңмао бир ирет наалат айткандай улуганга жетишип, ажалдын оозуна кирип кете берди...

 

***

     ...Тарс! Зылаң бүркүт экөө кучакташып, күү­гүмдөй үңүрөйүп оркойгон үймөк таштын үс­түнө түштү. Зылаң бүркүттүн алдында калып, жону менен учтуу таштарга тийгенде, кабыр­галары сынып, жүрөгүнүн согушу токтоп ба­ратса да, анын төрт аягы мурункусундай бүр­күттү бекем кучактаган бойдон эле.

     Бүркүттүн дагы ажалы жетип, акыркы ирет канатын кагып, салгылашуу аяктаган. Күндүн батып бараткан кызыл нуруна бүркүттүн ал­тын түстүү канаттары тикчие катып, жерден көктү көздөй керилип, алтындан куюлган ай­келдей болуп калган. Бул эне бөрү Зылаңдын күмбөзү.

     Ошол учурда тоо этегиндеги үңкүрдө Мей­мей азап чегип улуп, бирок добушунан бакыт­тын кубанычы туюлуп, беш бөлтүрүктү бул дүйнөгө алып келди. Бөлтүрүктөрдүн экөө эркек эле. Биринин жүнү чайырдай капкара, экинчисиники – кара кызгылт-көк. Ооба, алар Хейсан менен Зылаңга куюп койгондой ок­шош.

     …Алардын ичинен бирөө келечекте улуу жол башчы карышкыр болуп калса?!.

            ***

 

     Урматтуу окурман, бул чыгарманы толугу менен китептен окуп, өзүңүз татыктуу жыйынтык чыгарасыз деген ойдобуз.

 

 

НАЗГҮЛ АСАНАКУНОВА

“Чыгыш адабияты жана искусствосу”

басма компаниясынын башкы редактору

Байланышта болуңуз