“Ойлор жана маектер” китеби сыйлыкка татыды

Бүгүн, 22-апрелде, “Китеп искусствосу” басма ишканалары жана типографиялар аралык улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган бул сынакта “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан кытай тилиндеги түп нускадан кыргыз тилине түз которулуп, даярдалып, китеп болуп чыккан «Ойлор жана маектер» китебинин 2-басылышы «Мурас» аталышындагы сыйлыгына татыктуу болуп, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

                              

Яң Чаомиң түзгөн бул “Ойлор жана маектер” китебинин бет ачары 20-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде өтүп, бир катар тилчи, жазуучу, котормочу, мугалимдердин жылуу пикирлерине ээ болгон.

Сыйлык тапшыруу аземи борборубуздагы эски аянтта, 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата уюштурулган республикалык китеп жарманкеси менен биргеликте өткөрүлдү. Белгилей кетсек, бул жармакеге кыргыз авторлору, акын-жазуучулар, 30дан ашык басмакана катышып, китеп дүкөндөр өздөрүнүн китептерин алып чыкты. Жарманкеде “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан басылып чыккан бир катар китептер окурмандардын жакшы пикирлерине ээ болду.

                        

Ошондой эле китеп жарманкесине келген Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков, кыргыздын белгилүү балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаев, жазуучу, драматург, публицист Бактыбек Максүтовдор сыйлыкка татыган “Ойлор жана маектер”китеби тууралуу жылуу пикирлерин билдиришип өттү. Улуу ойчул Коңфузы (Конфуций) тууралуу китеп башка китеп сүйүүчүлөрдү дагы кайдыгер калтырган жок. Китептин кыргызча которулуп, кыргыз коомчулугуна тартууланышы окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынды.

Байланышта болуңуз