Жаңы котормо: «Карышкырлар падышачылыгынын канышасы»

   Китеп сүйүүчүлөр үчүн жакында дагы бир кызыктуу китеп жарыкка чыгуу алдында турат. Ал «Карышкырлар падышачылыгынын канышасы» деп аталат. Автору ‒ кытай жазуучусу Шен Шыси.

   Кытай жазуучулар союзунун мүчөсү, Шаңхай жазуучулар союзунун иш башкаруучусу жана Мамлекеттик балдар адабияты комитетинин мүчөсү Шен Шыси окурмандар тарабынан «Кытайдын жаныбарлар тууралуу романдарынын падышасы» деген атка татыктуу болгон.

   Анын атын чыгарган чыгармаларына «Кызыл чөө», «Жетинчи ит», «Түлкүгө кайрадан алдануу», «Карышкырлар падышачылыгынын канышасы», «Карышкырлар падышасынын кыялы», «Ак пилдер уруусу», «Гималай бөкөнүнүн суудан тез өтүүсү», «Эң акыркы согуштук пил», «Аңчы бүркүттүн баштан өткөргөндөрү» жана башкалар кирет. Алардын ичинен «Кызыл чөө» 2012-жылы Англия, Россия, Германия, Польша, Түркия, Чехия, Швеция жана Болгария сыяктуу 8 мамлекетте бир мезгилде басылып чыккан.

   Автордун бул чыгармаларынын ичинен «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы тарабынан кыргыз тилине которулган «Карышкырлар падышачылыгынын канышасы» аттуу чыгарма дагы абдан кызыктуу. Кыргыз окурмандары үчүн карышкырлардын кулк-мүнөзү, жашоо табияты анчалык деле чоочун эмес деп айтууга негиз болсо да, бул чыгарманы окуган соң ар бир окурманыбыз башкача бир таасир алат деп ишенимдүү айтсак болот. Анткени автор бөрүлөрдүн жашоосун адамдардын жашоосу сыяктуу эле элестүү сүрөттөп берген.

   Карышкырлардын үйүрүндө кандай жашоо-турмуш өкүм сүрөт, үйүрлөр ортосундагы аймак талаш, жашоого болгон күрөш аталган чыгармада эң мыкты берилген. Мисалы, карышкырлар падышачылыгында падыша болуу шыбагасы ургаачы карышкырларга абдан эле сейрек берилет экен. Үйүрдү баштоо жалаң гана дөбөттөрүнө тиешелүү болуп, керек болсо ургаачы карышкырлардын көбү бөлтүрүк туу энчисинен дагы куру жалак калып, үйүр менен бирге аңчылык кылууда кошумча күч катары роль ойношорун жазуучу өзүнүн изилдөөсү аркылуу окурмандарга маалымдар кылат.

   Бул чыгармада ургаачы карышкыр үйүр башына келип, аны менен катар эле өз үйүрүн сактап калуу үчүн кандай айла-амалдарга баргандыгы, кандай кыйынчылыктарга туш келгендиги сүрөттөлүп, ошону менен катар  эркек карышкыр менен ургаачы карышкырдын ортосундагы тирешүү, сезимдер, табигый мыйзамдарга баш ийүү, көралбастык, өкүмзордук ж.б. учурлар дагы окуган адамды ойго салып, кызыктыра өзүнө тартат.

   Чыгармадагы Зы Путао аттуу канчык беш бөлтүрүгүнүн атасы, үйүр башчысы Куйкуй жолборс менен алышып жатып жан бергенден кийин кокусунан эле үйүр башчылыгына шайланат. Үйүрдөгү чоң карышкырлар алгач аны кабыл алгысы келбегени менен өзүнүн акылмандыгы, айлакерлиги, тапкычтыгы менен акыры үйүрдө кадыр-баркка ээ болот.

   Чыгармадагы ар бир бөлүмдө Зы Путаонун ар башка сырын ачуу менен окуя уланып журүп отурат. Бир бөлүмүндө карышкыр эненин бөлтүрүктөрдү сактап калуу үчүн жанын аянбастыгы, энелик күчтүү сезими тууралуу берилсе; дагы бир бөлүмүндө кайрымдуулугу, мамилеге бекемдиги айтылат, башка биринде жапайы айбандардын жеке кызыкчылык же карынды тойгузуу аракети үчүн жакынын дагы аябастан кол салары баяндалат.

   Табият мыйзамына ылайык, бир түрдүн бир түргө жем болуусу, аймак-аймак болуп жашоо, зарыл учурда каршылашкан душмандардын дагы биригип кетүүсү сыяктуу нары кызыктуу, нары таң калтыра турган окуялар окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ишенимдебиз.Сөзүбүз куру болбосун үчүн төмөндө чыгармадан үзүндү келтиребиз:

   «...Кандай гана себеп болбосун, кыскасы, Паядиң карышкыр үйүрү пайда болгондо бенгал жолборсу бир да үн чыгарбай олжосун алып бурулуп кетти.

   Ушул маалда өчөшкөнсүп Бай Янян аттуу кичинекей ургаачы карышкыр ачкачылыктын азабынан көздөрү карарып, шалдырап жерге кулап, эсин жоготту. Зы Путао – бул эне. Дүйнөдө балдарына кам көрбөгөн эне жок! Коркконунан бир улуду да дароо кичинекей ургаачы карышкыр Бай Яняндын жанына секирип жетип, аны бооруна кысып кучактап калды. Ал денесиндеги ысыкты ага өткөрүп жана ысык тилин сунуп, кичинекей ургаачы карышкыр Бай Яняндын оозуна салып койду – бул өзгөчө «кайчылаш азык» ыкмасы. Бөлтүрүктөр кичинекей кезинде эне карышкыр тилден-тилге, ооздон-оозго берүү ыкмасы аркылуу жарым сиңирилген тамакты балдарына азык катары берет. Мындай азыктандыруу ыкмасы «кайчылаш азык» деп аталат. Тилекке каршы, Зы Путаонун эбак эле курсагы кулдурай ачка болуп, курсагы бош, кичинекей карышкыр Бай Янянга өтө турган эч нерсе жок эле. Анын оозуна бир аз гана жылуу шилекейди тамызса болот. Кичинекей ургаачы карышкыр Бай Яняндын жашоо күчү дагы деле болсо өжөр эле, энесинин шилекейин бир нече жолу жуткандан кийин акырындап эсине келди. Калтырай бир нече кадам басууга аракет кылып, карышкырлар падышасы Куйкуйду аянычтуу карап, эриндерин кыймылдатып, бир аз кыңкыстаган үн чыгарды. Жардам сурап ыйлап жатканга окшоду: «Аябай ачка болдум, мени сактап калыңыз! Чындыгында өтө ачка болдум, мени сактап калыңызчы!»

   Карышкырлар падышасы Куйкуйдун жонундагы жүнү дароо тикчийип, көз карашы чечкиндүү болуп, тумшугун көтөрө «у-у-уу...» деп узун улуп, тоңгон карды кечип, бенгал жолборсун көздөй жөнөдү. Куйкуй – карышкырлардын падышасы катары Паядиң карышкыр үйүрүнүн арасындагы баарынан жогорку бийликке ээ. Карышкырлардын үйүрүндө ички мыйзамдар катуу, буйруктарга катуу моюн сунулат. Падышанын жүрүм-туруму уруудагы бардык карышкырларга түздөн-түз таасир этет. Ошентип беш жаш карышкырга кам көрүү үчүн акырындык менен ээрчип бара жаткан Зы Путаодон башка карышкырлар падыша Куйкуйду ээрчип, бенгал жолборсуна тез эле жакындашты.

   Жолборстун оозунан тамак талашкан ушундай көрүнүш менен көшөгө ачылды.

   Зы Путао өмүрүн тобокелге салып, бенгал жолборсуна атырылууга карышкырлар падышасы Куйкуйду түрткөн себеп жана күч канчалык экендигин аныктай алган жок.

   Балким ачкачылыктан кулап түшкөн кичинекей ургаачы Бай Янян карышкырлар падышасы Куйкуйдун аталык сезимин козгогондур – карышкыр табиятта аталык аң-сезимге ээ сейрек жаныбарлардын бири. Эркек карышкыр менен ургаачы карышкыр жупташкандан кийин алар чогуу болуп, балдарын бирге тарбиялашат. Карышкырдын үй-бүлөсүндө табигый түрдө атанын ролу болот, ошондой эле атасынын мээрими, сезими да бар – карышкырлар падышасы Куйкуй сүйүктүү кызынын көз алдында тирүүлөй ачкадан өлүп жатканын көрүүгө чыдай албай, күчтүү коргоо инстинкти ага коркунучту унуттуруп койгондур. Балким карышкырлар падышасы Куйкуй өзү менен жолборстун күчтүү жактарын таразалап көрсө керек – бенгал жолборсу канкор болгону менен ал азыр жалгыз. Жолборстун алдында алсыз болсо да карышкырлар көп. Паядиң карышкыр үйүрүндө чоң жана кичине болуп бардыгы жыйырмадан ашык карышкыр бар, алар саны жагынан артыкчылык кылат. Оор басырыктуу жооп кайтаруу жана чеберчилик менен күрөшүү аркылуу жолборстун оозунан бүтүндөй бир үйүрдү өлүмдөн куткарып кала турган азыкты тартып алууга болот. Балким карышкырлар падышасы Куйкуй өзүнүн чымыр дене түзүлүшүнө жана акылдуу мээсине өтө эле ишенсе керек – карышкырлар падышасы Куйкуй бир нече жолу тоо кабыландардын, сүлөөсүндөрдүн жана аюулардын оозунан тамак-ашын тартып алган. Эң даңазалуусу – бир жолу карышкырлар падышасы Куйкуй жана эки эркек карышкыр биригип, түбөлүк жаткан мөңгүлөргө жакын жерде илбирс түгөйлөр жеп жаткан темгилдүү бугуну тартып алышкан. Ийгилик карышкырлар падышасы Куйкуйду мас кылып, жеңиш аны текеберленткен. Ошол даңаза карышкырлар падышасы Куйкуйду өлүмгө алып баруучу ката кетиртти...»

   Окурман, биз келтирген үзүндү чыгарманын кичинекей гана бир бөлүгү. Кызыгып калдыңызбы? Анда окуңуз.

 

АИДА НАДЫРБЕКОВА, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясынын редактору

 

Байланышта болуңуз