Китептердин бет ачары: «Кытай балдар адабиятына саякат»

 

2022-жылдын 8-декабрында саат 12:00дө Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы менен биргеликте «Кытай балдар адабиятына саякат» аталыштагы «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы тарабынан кыргыз тилине которулуп, басылып чыккан кытай балдар жазуучуларынын «Панда тууралуу повесть», «Чоң Баш уул жана Кичине Баш ата», «Ма Лиаңдын сыйкырдуу кыл калеми» жана «Инспектор Кара Мышык» китептеринин бет ачары болуп өттү.

 

 

                           

 

Аталган иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору Мундузбек Абдыжапар уулу, КР Билим жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү Айнура Сооронбаева, кыргыз балдар жазуучулары Ысмайыл Кадыров, Жылдыз Акаева, Бурул Асакеева жана ошондой эле Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы  инновациялык технологиялар мектеп-лицейдин, А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын окуучулары, мугалимдери, журналисттер, китепканачылар ж.б катышышты.

                                                  

Иш-чараны аткаруучу директор жана башкы редактор Назгүл Асанакунова ачып, келген өкүлдөр китептер тууралуу, котормонун сапаты, кенже класстын окуучулары арасында өткөн сүрөт сынагы тууралуу ой-пикирлерин айтышып, балдарды китеп окууга үндөштү.

 

Кеченин жеткинчек катышуучуларына кытай балдар адабиятынан алынып тартылган мультфильмдерден үзүндүлөр көрсөтүлүп, буга чейин жарыяланган сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

       

 

«Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы тарабынан жеңүүчүлөргө чакан белектер тапшырылып, кызыктыруучу сыйлыктар, сыйлоо баракчалары тапшырылды.

 

Иш-чаранын максаты – балдарды китеп окууга кызыктырып, китепти сүйүүгө, андан тарбия алууга багыттоо менен бирге кытай элинин маданияты, адабияты, искусствосун таанытуу.

 

 

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы

Байланышта болуңуз