Дүйнөлүк соода тиреши жана державалардын гүлдөшү менен кыйрашы

Жаңы китеп

Дүйнөлүк соода тиреши жана державалардын гүлдөшү менен кыйрашы

 

«Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы тарабынан дүйнөдөгү экономикалык жактан күчтүү мамлекеттердин бири-бири менен болгон экономикалык тирештери тууралуу кеңири баяндаган, илимий-популярдуу, тарыхый десек да болот, көлөмдүү китеп жарык көрүү алдында турат. Китепти котормочу Алтынай Темиркан кызы кытай тилинен кыргыз тилине түз которгон. Анда коомчулукка, өзгөчө экономикалык маселелерге кызыгып, көз салып келген адистерге, тарыхчыларга, эконмисттерге керектүү маалыматтар камтылган.

Тарыхта экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы ошол убактагы дүйнөлүк саясий, экономикалык түзүмгө терең таасирин тийгизгендиги маалым. Тереңден карай турган болсок, «улуу географиялык ачылыштар жана өнөр жай төңкөрүшүнөн башталган дүйнөлүк экономикалык үстөмчүлдүк үчүн күрөш эч качан токтобогон жарышка окшойт. Деңиздеги үстөмдүк доорунда Англия Испания менен болгон күрөштө жеңип чыккан; Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германия Англия менен болгон дүйнөлүк экономикалык үстөмдүк үчүн болгон күрөштө утулуп калган; Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Англия менен болгон дүйнөлүк экономикалык үстөмдүк үчүн күрөштө Америка ийгиликке жеткен; XX кылымдын 80-жылдарынын аягында Япония өлкөсү Америка менен болгон дүйнөлүк экономикалык үстөмдүк үчүн күрөштө жеңилип калган».

Ушул сыяктуу тарыхый, экономикалык мисалдар китепте көп.

Дүйнөдөгү экономикалык жактан кубаттуу делген мамлекеттердин катарында, албетте, Кытай менен АКШ бар. Тарых барактарына көз чаптыра келгенде, «Кытайдын экономикасынын өнүгүшү, Кытай-Америка өнөр жайынын өз ара толукташуудан теңтайлашуу баскычына өтүшү, ошондой эле Кытай менен Американын баалуулук тутумундагы, идеологиясындагы, мамлекетти башкаруусундагы айырмачылыктар чоңойгон сайын АКШнын КЭРге болгон көз карашы өзгөргөн. Коомдук талкуу күчөп, Американын айрым ишмерлери Кытайда саясий жактан авторитаризм, экономикалык жактан мамлекеттик капитализм, соода жактан меркантилизм, эл аралык мамилелер жактан жаңы экспансионизм деп баалашып, АКШ башында турган Батыш дүйнөсүнө ар тараптан чакырык катары эсептешкен. Алар Кытайдын экономикалык өнүгүүсү Американын экономикалык жактан үстөмдүк кылуусуна, Кытайдын жогорку технологиясынын өнүгүшү Американын жогорку технологиядагы монополия абалына, Кытайдын меркантилизми Американын соода эрежесине, Кытайдын «Бир алкак – бир жол» демилгеси Американын геосаясатына, Кытайдын өнүгүү жолу Американын идеологиясына жана Батыштын цивилизациясына чакырык таштайт деп эсептешет.

Кытай-Америка соода келишпестиги тар мааниден кең мааниге чейин төрт баскычка бөлүнөт: жагымсыз соода тең салмаксыздыгын төмөндөтүү, адилеттүү соода түзүлүшүн реформалоону ишке ашыруу, үстөмчүл мамлекеттердин жаңы көтөрүлүп келе жаткан державаларга болгон стратегиясын чектөө, кансыз согуштун менталитетине каршы туруу.

Кытай-Америка соода келишпестигинде Кытайдын илимий-техникалык инновациясы, жогорку сапатта өндүрүүсү, финансылык тейлөөсү, жогорку окуу жайларда билим берүүсү, аскердик күчү жана башка тармактары Американыкынан кыйла айырмаланганы даана байкалды; Кытай инвестицияны чектөөнү жеңилдетүү, салыкты төмөндөтүү, жеке менчикти коргоо, мамлекеттик ишканаларды реформалоо багытында дагы көп иш жасашы керектигин жакшы түшүндү; Кытай менен Америка эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыктан атаандаш кызматташууга, андан соң стратегиялык чектөөгө өткөнүн айкын түшүндү; мындан кийин дагы Айкындуулук жана реформа саясатынын жаңы толкунун жүргүзүп, стратегиялык чечкиндүүлүктү сакташы керек. Си Жинпиң 2018-жылдын 10-апрелинде Боаодогу Азия форумунун ачылыш аземинде сөз сүйлөп, дүйнөгө мындай деп жар салган: «Кытайдын айкын чоң дарбазасы эч качан жабылбайт, барган сайын кеңири ачылат», «Тажрыйба көрсөткөндөй, Кытай өткөн 40 жылда экономикалык өнүгүүгө айкындуулуктун шартында жетти, келечекте жогорку деңгээлдеги экономикалык өнүгүүгө да айкындуулуктун шартында жетет».

Жогорудагыдай фактыларды камтыган «Дүйнөлүк соода тиреши жана державалардын гүлдөшү менен кыйрашы» китебинде ошондой эле Американын салык согушу, ар бир өлкөнүн каршы чара иретинде салыкты көтөрүшү, экономикалык кризистер, АКШ менен Япония өлкөсүнүн ортосундагы соода согушу, XX кылымдын 80-жылдарынын ортосунда башталган финансылык жана экономикалык согуш, АКШ менен СССРдин үстөмдүк үчүн күрөшү, АКШ менен СССР соода согушунун чечүүчү тармактары, Американын Кытайга карата мамилесинин артындагы кызыкчылыгы, Кытай менен Американын кеңири масштабдагы салык жүгү, державалардын гүлдөшү жана кыйрашынын кылымдык мыйзам ченемдүүлүгү, Кытай тажрыйбасы ж.б. тууралуу дагы кеңири баяндалат.

Бүгүнкүдөй экономикалык, экологиялык маселелер туш-туштан курчап турган мезгилде ар бир өлкө өз көмөчүнө күл тартып, ар бир мамлекет өзүнүн экономикасын чыңдоо менен дүйнөдөгү саясий-экономикалык ордун сактоо үчүн кам көрүп келет. Тарых барактарында ар бир мезгилдин, ар бир доордун өз өзгөчөлүгү, өз чакырыктары болуп келгендиги маалым. Андыктан кайсыл гана өлкө болбосун ар бир доордун өзгөчөлүгүнө жараша өнүгүү, ыңгайлашуу, кубаттуулугун жогорулатуу сыяктуу кадамдарда дүйнө тарыхына кылчаюу менен андан сабак алып, кемчилигин жоюп, жакшы иштерди өнүктүрүп алдыга жылып отурат.

Ушул жагынан алганда, биз окурмандарга сунуштап жаткан китеп, дүйнөлүк соода тирешинин кесепеттери, жыйынтыктары тууралуу кеңири маалыматтарды берип, өткөн тарыхтан сабак алууга чакырат.

 

Аида Надырбекова, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясынын редактору

Байланышта болуңуз